Site icon Reporter.kg

Быйыл 10 айда чет жакка 143,6 баш мал-жандык сатылган

Быйыл 10 айда Кыргызстандан сыртка 143 миң 666 баш мал экспорттолгон. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, чет жакка сатылган мал-жандыктын 42 миң 745и бодо мал (бука, уй, топооздор), 96 миң 710у коч-эчки жана 4 миң 211и жылкы болгон.

Ошол эле учурда Кыргызстанга сырттан 25 миң 693 баш мал импорттолгон: 19 миң 469 баш бодо мал, 940 баш кой-эчки жана 5 миң 284 баш жылкы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version