Быйыл январь-февраль айларында Кыргызстан менен Япониянын соода алакасы 46 миллион долларды түздү.
Анын ичинен Кыргызстан 2 айда күн чыгыш өлкөсүнөн 45,7 млн долларга товар импорттогон. Ал эми Японияга 359,5 миң долларга товар саткан.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын жыйынтыгы менен эки өлкөнүн соода алакасы 255,7 млн долларды түзгөн.