Site icon Reporter.kg

Быйыл 4 айда «Google’га салыктан» өлкө бюджетине 315 млн 157,2 миң сом түштү

Быйыл 4 айда (январ-апрель) чет элдик компаниялар «Google’га салык» катары Кыргызстандын бюджетине 315 млн 157,2 миң сом төктү. Бул тууралуу «Акчабар» каржы порталы жазды.

Ошол эле учурда былтыр 4 айда «Google’га салыктан» бюджетке 5,4 эсе аз акча же 58,6 млн сом гана түшкөн. Ал эми 2023-жылы 438,1 млн сом төлөнгөн.

«Google’га салык» Кыргызстанда электрондук кызматтарды көрсөтүп, акча таап, бирок Кыргызстанда салык төлөөчү катары катталбаган чет элдик компаниялар тарабынан төлөнөт.

Exit mobile version