Site icon Reporter.kg

Быйыл 4 айда Өзбекстанга 487,7 миң кыргызстандык турист барган

Быйыл январь-апрель айларында Өзбекстанга 487,7 миң кыргызстандык турист барган. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Статистика агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, быйыл 4 айда Өзбекстанга 2 миллиондон ашык чет элдик туристтик максатта келген.

Өзбекстанга туристтер эң көп келген өлкөлөр:

— Тажикстан – 623,8 миң

— Казакстан – 558,8 миң

— Кыргызстан – 487,7 миң

— Россия – 207,7 миң,

— Түркия – 29,7 миң

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version