Site icon Reporter.kg

Быйыл 6 айда 138,5 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду

Быйыл жарым жылда өлкөдө 138 млрд 561,7 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, чогултулган акчанын 101 млрд 254,4 млн сому — салык жана төлөмдөр. Калган 37 млрд 307,3 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү болуп саналат.

Exit mobile version