Site icon Reporter.kg

Быйыл 6 айда 5,5 миңдей кыргызстандык Өзбекстанга дарыланууга барган

Быйыл 6 айда 5 миң 485 кыргызстандык Өзбекстанга дарыланууга барган. Бул тууралуу коңшу мамлекеттикн Статистика агенттиги билдирди.

Быйыл жарым жылда жалпы 56,9 миң чет элдик Өзбекстанга дарыланууга барган.

Кыргызстандыктар коңшу мамлекетке дарыланууга барган чет өлкөлүктөрдүн арасында үчүнчү орунда турат.

Өзбекстанга дарыланууга барган чет элдиктер:

  1. Тажикстан — 43миң 287 киши;
  2. Казакстан — 6 миң 616 адам;
  3. Кыргызстан — 5 миң 485 киши;
  4. Россия — 925 адам;
  5. Түркмөнстан — 462 киши;
  6. Түркия — 23 адам;
  7. Башка өлкөлөр — 77 киши.
Exit mobile version