Быйыл 7 ай ичинде Кыргызстанда өрт кырсыктарынан 19 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов түз эфир учурунда билдирди.
Анын айтымында, быйыл 7 айда 1 миң 232 өрт кырсыгы катталган.
«Ал эми былтыркы жылдын 7 айында 1 миң 781 өрт кырсыгы болгон. Өткөн жылга караганда өрт кырсыктары 30%га азайды. Быйыл өрттөн болгон материалдык чыгым 358 млн сом, ал эми былтыр 435 млн сомду түзгөн. Быйыл өрттүн кесепетинен 19 адам каза таап, 17 адам жабыркаган. Жабыркагандардын ичинде 2 жаш бала бар. Былтыр өрт кырсыгынан 26 адам каза болгон», — деди ал.
Министрдин орун басары жарандарды өрт кырсыктарын алдын алууга көңүл бурууга чакырды. Ал билдиргендей, жарандар алдын алуу иштерине маани бербей, миллион сомдук чыгымдарга дуушар болушат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда