Site icon Reporter.kg

Быйыл 8 айда Өзбекстан Кыргызстанга 558 тонна жер жаңгак экспорттогон

Быйыл 8 айда Өзбекстан Кыргызстанга 558 тонна жер жаңгак экспорттогон. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Статистика агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 8 айда Өзбекстан чет жакка 7,4 млн сомго 5,5 миң тонна жер жаңгак саткан.

Кыргызстан Өзбекстандан жер жаңгакты көп сатып алган 5 өлкөнүн катарына кирген:

— Азербайжан  – 1 миң тонна;

— Россия – 892 тонна;

— Казакстан – 707 тонна;

— Кыргызстан – 558 тонна;

— Пакистан – 455 тонна.

Exit mobile version