Site icon Reporter.kg

Быйыл акыркы коңгуроо онлайн форматта өтөт

Быйыл акыркы коңгуроо онлайн форматта өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова бүгүн, 15-майда брифингде билдирди.

“Жыл сайын мектептерде акыркы коңгуроону салтанаттуу түрдө өткөрүп келдик. Бирок, быйыл өлкөдөгү кырдаалды эске алып аны онлайн түрүндө өткөрөбүз. Биздин журналисттер телеканалдардан жана социалдык тармактардан кетүүчү #менбүтүрүүчүмүн же #явыпускник акцияны кое беришти. Ошондуктан бардык жылдыздарды жана белгилүү адамдарды бул акцияга кошулууну суранып кетем. Биздин бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, маанайларын көтөрөбүз!”, —  деди Жусупбекова.

2020-жылы Кыргызстанда 9-класстын 103 миң 670 окуучусу жана 11-класстын 58 миң 730 бүтүрүүчүсү бар.

Exit mobile version