Быйыл бүтүрүүчүлөр мамлекеттик экзамен тапшырышпайт

Быйыл бүтүрүүчүлөр мамлекеттик экзамен тапшырышпайт

Быйыл 9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө жылдык жетишүүсүн эске алуу менен жыйынтыктоочу экзамендик баа коюлат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Мындай чечим коронавируска байланыштуу окуучулардын коопсуздугу жана саламаттыгы үчүн кабыл алынган.

Бүтүрүүчүлөргө бааны атайын түзүлгөн предметтик мамлекеттик комиссия коет.

Эгер окуучу же алардын ата-энелери (же аларды алмаштыруучу жактар) жалпы мамлекеттик аттестацияда коюлган баага макул эмес болсо, апелляциялык комиссияга кайрыла алат. Апелляциялык комиссия жобого ылайык арызды карап чыгат.  Жалпы мамлекеттик аттестация 2-июндан 13-июнга чейин беш предметтен өтөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>