Site icon Reporter.kg

Быйыл «балага сүйүнчү» каражаты канча балага берилди?

2022-жылдын 1-январына карата 149 миң балага бир жолку «балага сүйүнчү» каражаты берилген. Бул тууралуу социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, балдары бар аз камсыз үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдар өз убагында төлөнүп берилүүдө.

“16 жашка чейинки балдары бар 110 миң үй-бүлөнүн 364 миң баласына, пенсияга укугу жок 99 миң адамга социалдык төлөмдөр чегерилген”, — деди ал.

Жыйында “Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Exit mobile version