Быйыл балдарды коргоо майрамы салтанаттуу түрдө өткөрүлбөйт

Быйыл балдарды коргоо майрамы салтанаттуу түрдө өткөрүлбөйт

Бул жылы 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык майрамы салтанаттуу түрдө өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.

«Балдар үчүн оюн-аянттар, сейил бактар иштебейт. Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга онлайн түрүндө сүрөт тартуу жана оюн-зооктор уюштурулат. Биз кырдаалга байланыштуу балдарга майрамдык маанай тартуулай албаганыбыз үчүн кечирим сурайбыз”, — деп билдирди Мирзахмедов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>