Site icon Reporter.kg

Быйыл билим берүү тармагына канча сом жумшалары айтылды

2024-жылы билим берүүгө кеткен чыгымдар 65,7 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, өлкөдө студенттердин саны көбөйгөндүктөн бул тармакка чыгымдар дагы өсүүдө. Андан тышкары билим берүү системасынын айрым категорияларынын кызматкерлеринин эмгек акысы кыйла жогорулады.

Чыгымдардын артыкчылыктуу багыттары болуп: билим берүү системасын санариптештирүү, окуу китептери менен камсыздоо, ошондой эле билим берүүнүн сапаты саналат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version