Site icon Reporter.kg

Быйыл Бишкектеги беш конушту газдаштыруу башталат

Быйыл Бишкектин беш конушун газдаштыруу иштери башталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 19-январындагы жыйынында “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын башкы директорунун экономика жана каржы боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу Арзымат Алдаяров билдирди.

Анын айтымында, Лебединовка айылын газдаштыруу иштери башталган, кийинки кезекте Ак-Тилек жана Ак-Бата конуштары турат.

“Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы 46 конуштун 27си газдаштырылды. Беш конушка газдаштыруу 2023-жылдын планына киргизилген, дагы 14 конуш газсыз калууда”, — деди Арзымат Алдаяров.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version