Site icon Reporter.kg

Быйыл дүйнө жүзүндө эмгек шарттарынын начарлашы күтүлүүдө

Ушул жылы дүйнөдө эмгек шарттарынын начарлашы күтүлүүдө. Ал эми көпчүлүк адамдар аз айлыкка жана социалдык төлөмдөрсүз иштөөгө аргасыз болушат. Бул тууралуу Эл аралык эмгек уюмунун жаңы изилдөөсүндө айтылат.

Баяндаманын авторлору бул тенденцияны дүйнөлүк экономикалык өсүштүн басаңдашы менен байланыштырууда.

Жумуштуулуктун өсүшү 1%ды гана түзөт, бул былтыркы көрсөткүчтүн жарымынан аз. Жумушсуздардын саны 3 миллионго көбөйүп, 208 миллионго жетет. Ошентип, дүйнөлүк жумушсуздуктун деңгээли 5,8%ды түзөт”, — деп болжолдойт Эл аралык эмгек уюму.

Маалыматка ылайык, Украинадагы окуялар биринчи кезекте жабыркап жаткан Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасына терс таасирин тийгизет. Бул аймактарда жумуштуулук төмөндөп, жумушсуздуктун деңгээли бир аз жогорулай турганы белгиленген.

Ошондой эле, буга чейинки изилдөөлөрдө акыркы эки жылда байкалган глобалдык жумушсуздук төмөндөгөн. Антсе да 2023-жылы жумушсуздардын саны пандемияга чейинки деңгээлден 16 миллионго көп болот. Акыркы он жылдагы жакырчылыкты кыскартуудагы жетишкендиктер пандемиядан улам артка кеткен.

“2021-жылы жигердүү калыбына келтирүү иштерине карабастан, татыктуу жумуш орундары менен элди камсыз кылуу маселе бойдон калууда”, — дешет изилдөөнүн авторлору.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version