Site icon Reporter.kg

Быйыл эки айда пенсия төлөөгө 17,2 млрд сом жумшалды

Быйыл январь-февраль айында пенсия төлөөгө 17 млрд 224,7 сом жумшалды. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.

Былтыркы жылдын эки айына караганда пенсия төлөөгө 2 млрд 886,4 млн сомго көп акча сарпталган. 2024-жылы январ-февралда 14 млрд 338,2 млн сом пенсия берилген.

Эскерте кетсек, жыл башына карата өлкөдө пенсионерлердин саны 797,4 миңди түзгөн.

Кыргызстанда пенсионерлердин саны 797,4 миңди түзөт

Exit mobile version