Site icon Reporter.kg

Быйыл Кыргызстан Казакстанга 580 млн метр куб суу берет

Кыргызстан быйылкы сугат мезгилинде Казакстанга 580 млн м3 суу жиберет. Анын ичинен 400 млн метр куб Талас дарыясынан, ал эми 180 млн метр куб Чүй дарыясынан берилет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Казакстанда Чүй жана Талас дарыяларындагы мамлекеттер аралык суу чарба объекттерин пайдалануу боюнча эки өлкөнүн комиссиясы жолугушкан.

Анда аталган дарыялардагы мамлекеттер аралык обьектилерден суу алуу графиктеринин аткарылышы, аткарылган иштердин көлөмдөрү жана  каржылоо боюнча катар маселелер талкууланган.

Exit mobile version