Site icon Reporter.kg

Быйыл Кыргызстан Орусиядан электр энергиясын былтыркыдан 1,5 эсеге көп импорттогон

Кыргызстан 2025-жылдын 1-кварталында Россиядан келген электр энергиясынын импортун өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге көбөйткөн. Бул тууралуу Казакстандын «Самрук-Энерго» энергохолдингинин маалыматында айтылды.

Үч айдын ичинде Кыргызстанга Казакстандын аймагы аркылуу транзит менен жалпы 142,1 млн киловатт-саат электр энергиясы жеткирилген.

140 млн кВт.саатты түзгөн бул көлөм Кыргызстанда сезонго жараша 2ден 5 күнгө чейинки керектөөгө туура келет.

Электр энергиясын «Интер РАО» ишканасы жеткирип турган. Аталган ишкана Кыргызстанга электр энергиясын 2023-жылдын 15-апрелинен тарта жеткире баштаган.

Exit mobile version