Site icon Reporter.kg

Быйыл Кыргызстанда 3 тонна 605 кг. баңгизат табылды

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 тонна 605 кг 059 гр баңгизаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынган. Бул туурасында Ички иштер министрлиги билдирди.

Анын ичинен апийим — 20 кг 036 гр, героин — 6 кг 131 гр, гашиш — 217 кг 135 гр, марихуана — 290 кг 556 гр, кара куурай -326 кг 982 гр, прекурсорлор — 2 тонна 469 кг 460 гр., психотроптук заттар – 11 кг 055 гр., фармацептикалык дарылар — 21 гр, апийимдин магы — 66 гр., башка баңгизаттар — 236 кг 506 гр.

2021-жылдын 11 ай ичинде баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген 13 чет мамлекеттик жарандар кармалып (Тажикстан, Өзбекстан – 4, Орусия-3, Пакистан — 1, АКШ -1), алардан жалпы 670 кг ар кандай баңгизаттар аныкталып, алынган.

Башкы прокуратуранын расмий маалыматтары боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндө 1206 кылмыш жана жорук катталган.

Exit mobile version