Site icon Reporter.kg

Быйыл Кыргызстанда китеп окурмандарынын саны өстү

Кыргызстанда быйыл китепканаларда окурмандардын саны өстү. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов бүгүн, 25-июлдагы маалымат жыйында билдирди.

Маалыматка караганда, быйылкы жылдын 6 айында өлкөдө китеп окурмандарынын саны 738 миң 910 адамды түзгөн. Ал эми өткөн жылы жарым жылда китеп окурмандарынын саны 621 миң 45 адам болгон.

Өлкөдө 1 миң 66 китепкана бар. Алардын ичинен экөө республикалык, тогузу облустук жана кырк китепкана райондук болуп саналат.

Белгилей кетсек, министр маалымат жыйында 2022-жылдын жарым жылында аткарылган иштер тууралуу маалымат берүүдө.

Exit mobile version