Site icon Reporter.kg

Быйыл Кыргызстанга 10 миллионго жакын турист келери күтүлүүдө

Быйыл Кыргызстанга 10 миллионго жакын турист келери күтүлүүдө. Бул тууралуу туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанга жыл башынан бери 2 миллион турист келди. 2023-жылдын биринчи кварталында 1 миллион 900 миң турист келди. Экинчи кварталдын жыйынтыгы такталып жатат.

“Кыргызстанга көбүнчө кошуна мамлекеттер, Европа менен Араб өлкөлөрүнүн жарандары саякаттап келишкен. Өзбекстан, Казакстан жана Орусиядан келген туристтер алдынкы орунда турат”, — деди ал.

Өткөн жылы Кыргызстанга 7,5 миллион турист келип, мейманкана жана ресторандардан түшкөн киреше 951 миллион сомду түзгөн.

Быйыл 10 миллионго жакын турист келери күтүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version