Site icon Reporter.kg

Быйыл кышка даярданууга бюджеттен 15,6 млрд сом кетет

Быйылкы күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө бюджеттен 15 млрд 612,7 млн сом сарптоо пландалган. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

30-сентябрга карата бюджеттен аталган акчанын 9 млрд 380,3 млн сому бөлүнгөн.

Анын ичинен «Кыргызжылуулукэнерго» ишканасына жылуулук энергиясын субсидиялоого «Мамлекеттик ишканаларга субсидиялар» беренеси боюнча 1 млрд 410,5 млн сом каралып, бүгүнкү күнгө карата 1 млрд 374,4 млн сом бөлүнгөн. Аны менен бирге бүгүнкү күндө калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салууга байланыштуу «Кыргызжылуулукэнерго» ишканаларынын жоготууларынын ордун толтуруу үчүн 165 млн сом кошумча каражат бөлүү маселеси каралууда.

Бийик тоолуу, жетүүгө кыйын жана алыскы аймактарда жашаган калктын электр энергиясына болгон 50 пайыздык жөлөкпулун компенсациялоого 150 млн сом каралып, анын ичинен 126,5 млн сом бөлүнгөн.

Республикалык бюджеттен каржылануучу мекемелердин коммуналдык чарбага байланыштуу чыгашаларына 2 млрд 664 млн сом каралган, анын ичинен 1 млрд 583,5 млн сому электр/жылуулук ресурстарына:

— электр энергиясы үчүн — 1 млрд 280,1 млн сом;

— жылуулук энергиясы үчүн — 255,6 млн сом;

— жаратылыш газына — 22,6 млн сом.

Бюджеттик мекемелерге көмүр жана отундун башка түрлөрүн сатып алууга 270,7 млн ​​сом каралып, анын 106,5 млн сому бөлүнгөн.

Андан тышкары 11 млрд 117,5 млн сом бюджеттик кредит электр энергиясын импорттоого, отун сатып алууга, Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга, «Бала-Саруу ГЭСи» кичи ГЭСин курууга каралып, бүгүнкү күндө 6 млрд 190,0 млн сом бөлүнгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version