Site icon Reporter.kg

Быйыл мамлекеттик тилдин 30 жылдыгы белгиленет

«Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышынын 30 жылдыгын майрамдоого даярдыктар башталды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аталган майрамды өткөрүү тууралуу даярдык боюнча кеңешмени бүгүн, 28-июнда вице-премьер Алтынай Өмүрбекова өткөрдү.

Кеңешменин катышуучулары маанилүү күндү белгилөө боюнча иш-чаралардын планын жактырышып, бир катар максаттарды аныкташты.

Майрамдык иш-чаралардын алкагында илимий-практикалык конференция, «Кел кыргызча сүйлөйлү» жаштар акциясын, флэш-мобдорду, мектеп окуучулары арасында кыргыз тилинин жашоодогу ролу жөнүндө эссе сынактарын жана бир катар башка иш-чараларды өткөрүү пландалууда.

Exit mobile version