Site icon Reporter.kg

Нарынга 76 млн сомго электр автобустар сатып алынат

Быйыл Нарын шаарына 76 млн сомго электр энергиясы менен жүргөн автобустар сатып алынат. Бул тууралуу Нарын облусунун башчысы Алтынбек Эргешов 18-майда Нарын шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.

«Нарын шаарына электр автобустарды алып келүү үчүн тендер жарыяланган. Бирок заводго түз жол таптык. Ошол себептен ортомчусуз алып келүүнү туура көрдүк. Мындай шартта 5 автобус келчү каражатка 7 автобус келет экен. Биз эле эмес, Кыргызстандын башка аймактары да түз алганы турушат», — деп билдирди облус башчысы.

Белгилүү болгондой, быйыл Нарын шаарына электр энергия менен жүргөн автобустарды сатып алуу үчүн республикалык бюджеттен 76 млн сом бөлүнгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version