Site icon Reporter.kg

Быйыл Өзбекстанда 9-майда аскердик парад өтпөйт

Быйыл Өзбекстанда 9-майда аскердик парадды өткөрүү пландалган жок.

Бул тууралуу Өзбекстандын Коргоо министрлигинин Тарбия жана идеалогиялык иштер боюнча башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ойбек Мамадалиев билдирди.

Мамадалиев 9-май Жеңиш күнү эмес, Эскерүү күнү экенин белгилеп, ардагерлерди даңктоо жана сыйлоого арналган иш-чаралар өтөрүн айтты.

Коргоо министринин өкүлү аскерлердин катышуусунда парад былтыр да, мурдагы жылы да өтпөгөнүн белгиледи.

Exit mobile version