Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2025-жылы «Социалдык контракт» долбоорунун алкагында бериле турган жардамды 150 миң сомго көбөйтүүнү карап жатат. Бул тууралуу министр Равшан Сабиров аталган ведомствонун коллегиясынын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, быйыл «Социалдык келишим» долбоорунун экинчи этабы пландаштырылууда.
“Министрликтин маанилүү долбоорлорунун бири “Социалдык контракт”болуп саналат, анын алкагында 100 миңден ашуун адамдын жашоо шарты жакшырууда. 2025-жылы социалдык жардамды 150 миң сомго көбөйтүү каралган”, — деди Равшан Сабиров.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз