Site icon Reporter.kg

Быйыл тогуз айда жол эреже бузгандардан 460,58 млн сом өндүрүлдү

Быйыл тогуз айда Кыргызстанда жол эреже бузган жарандардан өлкө бюджетине 460,58 млн сом өндүрүлдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Аталган убакыт ичинде өлкөдө 812 миң 177 жол эреже бузуу катталып, бюджетке 460 млн 588 миң 330 сом айыппул өндүрүлгөн.

Ошондой эле жол эреже бузуулар боюнча 76 миң 246 унаа айып короого коюлган.

Тогуз айда аныкталган жол эреже бузуулар:

— Мас абалында унаа башкаргандар — 10 миң 334;
— Автоээнбаштык жасагандар — 394;
— Тийиштүү документтери жок унаа айдагандар — 16 миң 755;
— Жөө адамдардын катышуусундагы эреже бузуулар — 42 миң 611;
— Унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылаткандар — 2 миң 680;
— Жол белгилерине баш ийбөө — 391 миң 318;
— Ылдамдыкты ашырып айдагандар — 150 миң 630;
— Башка жол эреже бузуулар — 197 миң 455.

Exit mobile version