Site icon Reporter.kg

Быйыл тогуз айда жөлөк пулга 9 млрд сомдон ашык каражат жумшалды

Ушул жылдын 1-октябрына карата 613,2 миң адам жеңилдик жана компенсация катарында социалдык төлөмдөрдү алышкан. Бул тууралуу коллегияда Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

“Жыл башынан бери мамлекеттик бюджеттен мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө 9 млрд 787,4 млн сом сарпталды. Ошону менен бирге ушул жылдын 1-июнунан тарта президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жөлөк пулдун өлчөмү 50%га көбөйтүлүп, 810 сомдон 1,2 миң сомго чейин көтөрүлдү”, — деди Социалдык өнүктүрүү министрлигинин башчысы.

Ал аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүү максатында 2022-жылдын 1-январынан тарта “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алуучулар үчүн электр энергиясына болгон тариф айына 700 киловатт-саатка чейин керектөө менен 1 кВт саатына 50 тыйындан төмөндөтүлгөнүн кошумчалады.

Белгиленгендей, 2022-жылдын тогуз айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган 16 жашка чейинки балдардын үлүшү 0,9%га азайып, жалпы сандын 14,2%ын түздү (2,5 миллион адам).

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version