Быйыл Төө-Ашуудагы тоннелде оңдоо иштерин жүргүзүү пландалууда. Бул тууралуу транспорт министри Тилек Текебаев «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.
Анын айтымында, оңдоо иштери күндүн жылышы менен дароо башталат.
«Төө-Ашууда аба ырайы суугурак. Күндүн жылышы менен тоннелдин ичине жаңы асфальт төшөлүп, жарыктары алмаштырылып жана башка ремонт иштери болот», — деди ал.
Ал оңдоо иштери сапаттуу жасаларын билдирди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз