Site icon Reporter.kg

Быйыл Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган «Өлбөс полк» жүрүшү онлайн режимде өтөт

Кыргызстанда коронавирус жайылып жаткандыгына байланыштуу бул жылы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган «Өлбөс полк» жүрүшү онлайн режимде өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган министрлик акцияны өткөрүү үчүн атайын сайт ачты.

«Өлбөс полк» иш чарасын өткөрүү маанилүү. Улуу Ата Мекендик согуш мурдагы СССРдин курамына кирген ар бир өлкөдөгү үй-бүлөнүн эсинде», — деп жазылат маалыматта.

Акцияга бул шилтеме аркылуу катталып, «Өлбөс полктун» электрондук порталына www.pobeda.srs.kg кирип катышса болот.

Катышуучу болуу үчүн эмне кылуу керек?

Бул портал аркылуу жөнөтүлгөн кайрылуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кароого келип түшөт.

Кыргызстанда «Өлбөс полку» алгачкы жолу 2014-жылы Ош шаарында өткөрүлгөн, 2015-жылы жүрүшкө Бишкек шаары кошулган.

Exit mobile version