Site icon Reporter.kg

Быйыл Ысык-Көлдө өтө турган эл аралык “Run the Silk Road” марафону өтпөйт

Жыл сайын Ысык-Көлдө өтө турган “Run the Silk Road — Shanghai Cooperation Organization” марафону быйыл эпидемиологиялык абалга байланыштуу болбойт. Бул тууралуу Run the Silk Roadдун инстаграм баракчасына жарыяланды.

«Бүгүнкү күндө адамдардын ден-соолугу биринчи орунда турат. Биз мүчөлөрүбүздү, кызматкерлерибизди, өнөктөштөрүбүздү тобокелге сала албайбыз. Андыктан, сиздерди чыдамдуу болууга жана келерки жылга чейин, жарыштарды баардык адамдар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шартта өткөрө турган убакты күтүүгө чакырабыз ”, — деп айтылат билдирүүдө.

Быйыл каттоо акысын төлөгөндөр автоматтык түрдө кийинки жылы боло турган иш-чаранын катышуучусу болушат.

Белгилей кетсек, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин календардык планына ылайык, иш-чара 5-сентябрда өтүшү керек болчу.

Exit mobile version