Site icon Reporter.kg

Быйыл жети айда 6 миң 218 кыргызстандык Өзбекстанга дарыланууга барган

Быйыл январь-июль айларында Кыргызстандын 6 миң 218 жараны Өзбекстанга дарыланууга барган. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Статистика агенттиги билдирди.

Жети айда Өзбекстанга дарыланууга барган чет элдиктердин саны 56,9 миңге жеткен. Ал былтыркы 7 айга караганда 31,1 миң ишиге көп.

Кыргызстандыктар коңшу мамлекетке дарыланууга барган чет өлкөлүктөрдүн арасында үчүнчү орунда турат.

Өзбекстанга дарыланууга барган чет элдиктер:

  1. Тажикстан — 51 миң 603 киши;
  2. Казакстан — 7 миң 735 адам;
  3. Кыргызстан — 6 миң 218 киши;
  4. Россия — 1 миң 135 адам;
  5. Түркмөнстан — 587киши;
  6. Түркия — 24 адам;
  7. Башка өлкөлөр — 89 киши.ы
Exit mobile version