Site icon Reporter.kg

Быйыл ЖРТга 47 миңден ашык абитуриент катышат

Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөгө 47 миңден ашык абитуриент катышат. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЖРТнын биринчи этабы 20-21-майда, экинчиси 23-24-майда, акыркысы 23-24-июнда өтөт.

Республика боюнча жалпысынан 117 тест борбору уюштурулат.

Белгилей кетсек, жогорку окуу жайларга абитуриенттер бир гана Жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаты менен кабыл алынат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version