2023-жылы ажылык сапарга баруунун акысы бир адамга 3900 долларды түзөт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
«Ажыга барууга 1000 долларын төлөп мүмкүнчүлүк алган ар бир талапкер 12-апрелден 17-апрель (17-апрелди кошо эсептегенде) «РСК Банктын» иштөө убактысы бүткөнгө чейин калган 2900 долларды төлөшү керек», — деп билдирет муфтият.
Толугураак маалыматты муфтияттын сайтынан алууга болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз