Site icon Reporter.kg

Быйылкы жалпы республикалык тестирлөөдө орточо балл 128,4 болду

2024-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөгө жалпысынан 51 миң 946 абитуриент катышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Катышуучулар орточо 128,4 балл топтошту.

Тест тапшыргандардын 61,8 пайызы же 31 миң 116сы 115тен жогору упай алды.

Белгилей кетсек, жогорку окуу жайларга окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды.

2024-жылдын 15-июлунан тартып кабыл алуунун I туру башталат.

56 бүтүрүүчү «Алтын сертификат» алат

Exit mobile version