Site icon Reporter.kg

Былтыр 7 миңден ашык кызматкер жоопкерчиликке тартылган

2024-жылы республика боюнча 7708 мамлекеттик кызметкер жоопкерчиликке тартылган. Бул тууралуу 31-январда, прокуратура органдарынын 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча Башкы прокуратуранын кеңейтилген коллегиясынын кезектеги отурумунда айтылды.

Отурумда маалым болгондой, былтыр Кыргызстан боюнча 14124 прокурордук актылар келтирилип, жыйынтыгы менен 7 708  кызметкер жоопкерчиликке тартылган жана  мамлекетке келтирилген 22 млрд. 961 млн. 575 миң 855  сомдук зыян өндүрүлгөн.

Жыйында коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү максатында мыйзамдарга киргизилген коррупция үчүн жоопкерчиликти катаалдантуу чаралары тууралуу өзгөртүүлөр талкууланды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version