Site icon Reporter.kg

Былтыр Алматыда Кыргызстандын жаранынын сабалышы боюнча ТИМ комментарий берди

2024-жылдын декабрь айында Алматы шаарында Кыргызстандын жаранына кол салуу фактысы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган кабарларга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги төмөнкүлөрдү маалымдайт.

2024-жылдын 8-декабрында Алматы шаарында оор жаракаттардан улам Р. А. М. аттуу Кыргызстандын жараны аталган шаардагы медициналык мекемеге жеткирилген. Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу бул окуя боюнча жабырлануучуга ыкчам түрдө юридикалык жана консулдук-укуктук жардам көрсөткөн.

Кыргызстандын чет мамлекеттеги өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери укук коргоо органдары жана медицина кызматкерлери менен жолугушууларды өткөрүп, Алматыдагы кыргыз диаспорасынын жигердүү катышуусу менен керектүү жардам көрсөтүлгөн.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен жабырлануучуну Бишкек шаарындагы медициналык мекемелерге дарыгерлердин коштоосунда жеткирүү иштери уюштурулган.

Алматы шаарында шашылыш медициналык жардам көрсөтүлүп, стационардык дарылоодон кийин жабырлануучу мындан аркы реабилитация үчүн Бишкек шаарына жеткирилген.

Бул окуя боюнча укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, учурда ал сотко өткөрүлгөн. Биринчи сот отуруму 2025-жылдын 30-майына белгиленип, ага Кыргызстандын Башкы консулдугунун өкүлдөрү катышат.

Башкы консулдук аталган жаранга укуктук жардам көрсөтүүнү улантат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version