Site icon Reporter.kg

Былтыр Борбор Азияга рекорддук сандагы орусиялыктар келген

2022-жылы Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия жана Армения сыяктуу өлкөлөргө акыркы беш жылдан берки рекорддук сандагы орусиялыктар кирген. Бул тууралуу Орусиянын Чек ара кызматынын сайтындагы маалыматта айтылат.

Аталган өлкөлөргө кирген орусиялыктардын эң көп саны үчүнчү кварталга туура келет. Бул өткөн жылы сентябрда Орусияда жарыяланган мобилизацияга байланыштуу болушу мүмкүн. Анда мобилизациядан качкан көптөгөн орусиялыктар өлкөдөн чыгып кетишкен.

Чек ара кызматынын маалыматын анализдеген «Медуза» басылмасы бир жылдын ичинде Монголияга барган орусиялыктардын саны 989%, Грузияга 475%, Казакстанга 234%, Тажикстанга 212%, Өзбекстанга 99% көбөйгөнүн жазды. Мындан тышкары 2022-жылы Израилге учуп барган орусиялыктардын саны эки эсеге көбөйүп, 100 миңден ашкан.

Статистикада чек арадан өткөн бардык орусиялыктар жөнүндөгү маалыматтар келтирилген: алардын арасында эс алууга, жеке максаттарда жана иштөөгө барып, кийин кайра мекенине кайтып келген жарандар да бар.

«Новая газета» демографтар Юлия Флоринская менен Алексей Ракшиндин маалыматтарына таянып, өткөн жылдагы эмиграция толкунун 400-800 миң киши деп баалоодо. Башка адистер 1 миллионго чейинки санды айтып жатышат.

2022-жылы мекенинен чыгып кеткен орусиялыктардын 100 миңден ашыгы Грузияда, кеминде 100 миңи Казакстанда жашап калган. 50-100 миң орус жараны Сербияга, 40 миңге жакыны Арменияга барган. Болжол менен Израиль, Кыргызстан жана Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ар биринде 35 миңден орусиялык бар.

Exit mobile version