Site icon Reporter.kg

Былтыр унаалардын айнегин караңгылатуудан 144 млн сом түшкөн

Былтыр “Унаа” мамлекеттик мекемеси тарабынан жалпы суммасы 144 млн. сомдон ашык суммага капталдагы айнектерди караңгылатууга уруксат берилген. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, унааларды караңгылатууга уруксат 1 жылга гана жарамдуу.

“Уруксат берүү 2022-жылдын 1-июнунда башталган. Айрым жарандарга, анын ичинде юридикалык жактарга, колдонуу мөөнөтү 2023-жылдын 1-июнунда бүтөт. Айыптан качуу үчүн биз уруксатты узартууну сунуштайбыз, анткени мыйзамсыз унаанын айнегин караңгылатуу үчүн жоопкерчилик бар”, — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version