Былтыр Кыргызстанда жарандар банктардан жалпы 204 млрд сом насыя алган. Ал эми 2021-жылы бул сумма 181,8 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Насыялар төмөнкү багыттар боюнча берилген:
- өнөр жай — 13,7 млрд сом (1,1%га кыскарган);
- айыл чарба — 37,1 млрд сом ү (11,7%га өскөн );
- соода — 56,2 млрд сомду түздү (9,6%га өскөн);
- курулуш — 12,9 млрд сом (4,5%га кыскарган);
- ипотекалык насыялар — 24,4 млрд сом (22,2%га өскөн);
- керектөө насыялары — 33,1 млрд сомду түздү (48,9%га өскөн);
- башка насыялар — 26,8 млрд сомду (3,9%га кыскарган) түзгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз