Site icon Reporter.kg

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Айтилек Орозбековго өкүм чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокуловдун мурдагы жардамчысы, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Айтилек Орозбековго өкүм чыкты. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Орозбеков Биринчи май райондук соттун 9-ноябрдагы өкүмү менен «бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 70 миң сом айыпка жыгылды. Ошондой эле анын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, сот залынан бошотулду.

Эскерте кетсек, Орозбеков былтыр ноябрдын башында УКМК тарабынан кармалган. Атайын кызмат ага 327-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) боюнча айып таккан.

Ошондо анын досу «Азаттыкка» Орозбеков соцтармактагы билдирүүсү үчүн кармалганын айткан. Ошондой эле жактоочусу Айтилек Орозбеков күнөөнү мойнуна албай турганын, эч кандай чакырык жасабаганын айтканын билдирген.

Эрулан Кокуловдун мурдагы жардамчысы эки айга камакка алынды

Exit mobile version