Site icon Reporter.kg

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Ураимов 26-мартка чейин камакта калтырылды

«Бүтүн Кыргызста» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов УКМКнын СИЗОсунда камакта болот. Анын баш коргоо чарасын 10-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тандады. Ал 26-мартка чейин камакта калтырылды.

Мирлан Ураимов социалдык тармакка чагымчыл маанайдагы билдирүүсү үчүн улуттук коопсуздук органдары тарабынан кармалган. Анын жактоочусу Ураимовдун баракчасы бир нече апта мурун хакердик чабуулга кабылып, ага кирүү мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирди.

Мирлан Ураимов бийликти басып алууга айыпталып кармалды

Exit mobile version