Site icon Reporter.kg

“Бүтүнчүлөр” Нарматованы колдоо үчүн чогулганы жатышат

Орозайым Нарматова

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы Орозайым Нарматованы колдоо үчүн Ош шаардык милициясынын имаратынан алдына чогулууга элдерди фейсбуктагы баракчасы аркылуу чакырык жасаган.

Ошондой эле алар Ош аэропортунан саат бештер чамасында жаш саясатчы кармалганын ырасташты.

Маалыматтарга караганда, ал Ошко келгенине бир канча күн болгон. Орозайым Нарматова Орусияда иштеген эмгек мигранты. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын алдыңкы ондук тизмеси менен шайлоого аттанган болчу.

Милиция Нарматованы кармаган эмес

Exit mobile version