Site icon Reporter.kg

Бюджеттеги каражатты депутаттыкка талапкер кишиге берген аким кармалды

Бюджеттик каражаттарды туура эмес сарптоо фактысы боюнча Бишкек мэриясынын райондук администрация башчыларынын бири кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык,  205-берененин 3-бөлүмү («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу») боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Ч.Ч. аттуу чиновник кармалды.

Шектүү бюджеттик каражаттарды үгүт иштери үчүн депутаттыкка талапкерлердин бирине мыйзамсыз бөлүп берген. Бул акча Бишкектеги аймактардын бирин жакшыртууга арналганы айтылат.

Кармалган мамлекеттик кызматкер убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатканы кабарланат.

Exit mobile version