Бюллетенди сүрөткө тарткандарга кандай чара көрүлөт?

Бюллетенди сүрөткө тарткандарга кандай чара көрүлөт?

Шайлоо бюллетендерин сүрөткө тарткан жарандарга чара көрүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди.

Ага ылайык, алардын иш-аракеттерине берилген бааны эске алуу менен чаралар көрүлөт, алардын бюллетендери эсептелбейт, анткени добуш берүүнүн купуялуулугу бузулган. Белгилей кетсек, бюллетендерди сүрөткө тартуу мыйзамсыз.

Ошондой эле, сүрөткө тарткан адамга айып пул салынышы мүмкүн экендигин айтты: «Азыр бардыгы так тартылган видеотасмалар көп. Бул далилдер базасына кирет».

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>