Site icon Reporter.kg

CASA-1000 долбоорунун энергетикалык инфраструктура объектилеринин курулушу аяктады

Кыргызстан Борбор жана Түштүк Азияны байланыштыра турган ири трансаймактык электр берүү линияларын түзүүгө багытталган CASA-1000 эл аралык долбоорунун алкагында энергетикалык инфраструктура объектилерин курууну аяктады. Бул долбоорго төрт мамлекет — Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистан катышууда.

«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын (НЭСК) башкы директору Алтынбек Рысбеков CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында Кыргызстанда «Датка» подстанциясында ячейканын курулушу 100% бүткөнүн, 1243 электр мамысы орнотулуп, 456,06 км узундуктагы зымдар толугу менен тартылганын белгиледи.

«Бул долбоор Кыргызстан менен Тажикстандан Афганистанга жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоого багытталган. Ал Борбор жана Түштүк Азиянын энергетикалык интеграциясына өбөлгө түзүү менен бирге биздин өлкө үчүн жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачат», — деди ал.

CASA-1000 долбоорунун алкагында электр энергиясы Кыргызстан ашыкча өндүрүшкө ээ болгон жайкы мезгилде экспорттолот. Бул мүмкүнчүлүктөрдү толук колдонууга жана ички рынокту турукташтырууга жардам берет.

Мындан тышкары, CASA-1000 долбоорунун жергиликтүү жамааттарды колдоо программасынын (ЖЖКП) алкагында линиялар өткөн айылдарда социалдык объектилер курулуп, электр тармактары жаңыртылып, жаңы мамылар орнотулду.

Эске салсак, 2021-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Баткен облусунун Кара-Булак айылында жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясын куруу үчүн алгачкы мамынын капсуласын салган, бул ири долбоордун башталышы болгон.

Подрядчы уюм, эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) колдоосу менен өткөрүлгөн эл аралык тендердин негизинде тандалган, Түркиянын MİTAŞ компаниясы болду.

Exit mobile version