«CASA-1000» : Президент төрт өлкөнү бириктирген электр линиясынын курулушуна капсула салды

«CASA-1000» : Президент төрт өлкөнү бириктирген электр линиясынын курулушуна капсула салды

«CASA-1000» долбоору — регионалдык деңгээлдеги масштабдуу долбоор, ал энергия кубаттуулуктарын жогорулатуунун жаңы барагын ачат, бүтүндөй Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берет. Мындай пикирин бүгүн, 3-апрелде, президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Булак айылында «CASA-1000» долбоорунун алкагында жогорку вольттуу электр мамычасынын пайдубалына капсула салуу аземинде билдирди.

Мамлекет башчысы аталган долбоордун өлкө үчүн өзгөчө мааниге ээ экендигин жана бул долбоорду ишке ашыруудагы Кыргызстан  үчүн пайдасы экспорттук мүмкүнчүлүктү  жогорулатарын, жаңы кубаттуулуктарды куруу үчүн инвестицияларды тартууга шарт түзөрүн  белгиледи.

Садыр Жапаров көлөмдүү чоң иштер аткарылгандыгына карабастан, алдыда көп милдеттер тургандыгын айтты.

«Координацияланган аракеттерибиздин, алдыга коюлган милдеттерди чечүүгө умтулуубуздун жана туруктуулугубуздун натыйжасында долбоор өз убагында ийгиликтүү аяктайт деп ишенем. Буга байланыштуу мен Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарын „CASA-1000“ долбоорунун маанисине көңүл бурууга чакырам жана курулуш учурундагы көйгөйлүү маселерди өз убагында чечүү үчүн натыйжалуу чараларды көрүүнү суранам», — деп билдирди ал.

Президент ири кредиттик ресурстарды бергендиги үчүн Дүйнөлүк банкка, Европа инвестициялык банкына жана Ислам өнүктүрүү банкына терең ыраазычылыгын билдирди. Бул долбоордун алкагында Кыргызстан тарабынан кабыл алынган каржылык милдеттенмелер сатыкка чыгарылган электр энергиясынын эсебинен толук жабылып, мамлекеттик бюджетке жүк келтирбей тургандыгын баса белгиледи.

«Энергетика биздин мезгилде коомдун жашоосуна терең таасирин тийгизип жатат. Ал ар бир республиканын экономикасынын негизи болуп саналат жана калктын социалдык жашоо шарттарын аныктайт. Бул факт экономиканын керектөөлөрүн жана калктын электр энергиясына болгон муктаждыгын толук канааттандыруу үчүн жаңы ГЭСтерди, электр чубалгыларын, көмөк чордондорду куруунун зарылдыгын жаратууда. Кыргызстандын гидроэнергетикалык дараметин арттыруу жана республиканын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылган электр чубалгыларын куруу — республиканын энергетикалык өнүгүү программасынын негизги стратегиясы», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров бүгүнкү күндө энергетикалык коопсуздук жана энергетикалык майнаптуулук маселеси эң актуалдуу, курч маселелердин бири экенине токтолду.

«CASA-1000» долбоорун ишке ашырууну баштоодон сырткары, азыркы учурда Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү, Токтогул, Үч-Коргон жана Ат-Башы ГЭСтерин модернизациялоо боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. Бул долбоорлорду аяктоо „CASA-1000“ долбоорунун алкагында электр энергиясын жеткирүү боюнча милдеттенмелерди толугу менен аткарууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бардык жарандарын электр энергиясы менен камсыздоого мүмкүндүк берет», — деди Мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров Кара-Булак айылындагы «CASA-1000» долбоору алкагында электр өткөрүүчү жогорку вольттуу мамычанын пайдубалына капсула салды жана бул долбоор Кыргызстандын өнүгүшү жана гүлдөп-өсүшү үчүн узак жылдар бою кызмат кыла берүүсүн каалады.

Маалымкат:

«CASA-1000» долбоору жай мезгилинде (майдан сентябрга чейин)электр кубатын экспорттоону ишке ашыру үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын энергетикалык тутумдарын Афганистан жана Пакистан менен байланыштырган жогорку чыңалуудагы электр өткөргүч линиясын курууну камтыйт.

Долбоордун алкагында керектүү электр тармактар комплексин модернизациялоо, жаңы көмөкчордондорду жана жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясын куруу пландаштырылууда.

«CASA-1000» коммерциялык эксплуатациялоо иши бардык зарыл болгон инфраструктуранын курулушу аяктагандан соң эки жылдан кийин башталат. Катышуучу-өлкөлөрдүн алдында жалпысынан 1,4 миң чакырым электр зымдарын тартып, Тажикстан менен Пакистанда  конвертордук подстанцияларды куруу керек.

Электр чубалгыларынын (ЛЭП) үчтөн бир бөлүгүнөн бир аз көбүрөөк бөлүгү (455 км) Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөт, алардын көпчүлүгү Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын калкы аз райондорунун аймактарын кесип өтөт.

Долбоордун жалпы наркы 1,1 миллиард АКШ долларын түзөт. Анын ичинен 200 миллион АКШ доллары донорлор — Дүйнөлүк банк, Ислам Өнүктүрүү банкы жана Европа инвестициялык банкы тарабынан каржыланган Кыргызстандын бөлүгү болуп саналат.

Каржылоо 25 жылдан 40 жылга чейинки мөөнөткө жеңилдетилген шартта жүргүзүлдү. Кыргызстан бардык инвестицияларды 15 жылдын ичинде электр энергиясын экспорттоо менен салынган каражатты кайтарып алууну пландаштырууда.

Майдан сентябрга чейин Кыргызстандан Пакистанга жана Афганистанга өндүрүлгөн жайкы электр энергиясынын жылдык берүүсү орто эсеп менен 500 миллиондон 1,5 миллиард киловатт-саатка чейин же бул жалпы көлөмдүн 40%ын түзөт. Ушуга байланыштуу, Кыргызстандын жашоочулары электр энергиясынын жетишсиздигин сезишпейт — керектөөчүлөрдүн ички талабы артыкчылыктуу болуп саналат.

Долбоордун Кыргызстан үчүн негизги пайдасы жыл сайын электр энергиясын экспорттоодон 80 миллион долларга жакын таза киреше түшөт. 15 жылдын ичинде электр энергиясын экспорттоонун жалпы көлөмү 23,3 млрд кВт/саатты түзөт. Ошол эле учурда, «Электр станциялары» ААКнын кирешеси 1,2 млрд АКШ долларынан ашыгыраак, ал эми «Кыргызстан УЭС» ААКсынын кирешеси болжол менен 320 млн АКШ долларын түзөт.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>