Site icon Reporter.kg

Чүй жана Бишкекте сасык тумоого вакцинациялоо башталды

Чүй жана Бишкекте сасык тумоого вакцинациялоо башталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. 

«16-сентябрдан баштап Бишкек шаары жана Чүй облусунда сасык тумоого каршы жарандарды вакцинациялоо башталды. Биринчи кезекте, вакцинаны тобокел топторуна кирген жарандар алышат. Вакцинациялоо ҮМБ, ҮБДТ, ҮДТ жана жеке клиникаларда жүргүзүлөт»,- деп билдирди Акматова. 

Exit mobile version