Site icon Reporter.kg

Чүйдө 11 жашар баланы сүзүп, из жашырып кеткен айдоочу кармалды

Токмокто 11 жашар баланы унаасы менен сүзүп, андан соң из жашырып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 23-июлда  саат 16:30 чамасында болгон. Анда Токмок шаарында «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаа 11 жашар баланы сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден из жашырып кеткен.  Жабырлануучу ооруканага жеткирилген.
Айдоочу болсо, кечээ 27-июлда кармалган. Унаасы айып аянтчасына токтотулган.

Exit mobile version