Чүйдө кайнене менен күйөө баланын жаңжалы бычакташуу менен аяктады – видео
14.10.2020 9:50
Чүйдө кайнене менен күйөө баласынын жаңжалы бычакташуу менен аяктады. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык,12-октябрь күнү саат 00:30дар чамасында Токмок шаарынын аймактык ооруканасына бычактан жаракат алган 3 адам түшкөнү тууралуу милицияга кабар келген.
Териштирүүлөрдүн натыйжасында алар бир үй-бүлө мүчөлөрү экендиги жана үй-бүлөлүк чыр ырбап бычак менен бири-бирине кол салууга жеткиргенини белгилүү болгон.
“Алдын ала маалыматтар боюнча, үй-бүлөлүк чыр-чатак учурунда 46-жаштагы И.М. аттуу аял анын күйөө баласы 36-жаштагы Н.А. жана 27 жаштагы К.М. аттуу аял киши да жаракат алган. Учурда окуя тууралуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми чыр-чатакка катышкан үч жаран ооруканада милиция кызматкерлеринин кайтаруусунда жатышат”, – деп айтылат билдирүүдө.
Бул факты Жазык кодексинин 138-беренеси (“Ден-соолукка оор залал келтирүү”) менен кылмыш иши катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
REPORTER.KG маалымат агенттиги. Бардык укуктар корголгон. Сайтта келтирилген материалдарды көчүрүп алуу басмакананын уруксаты менен жана булакка активдүү гипершилтемени милдеттүү түрдө көрсөтүү менен гана мүмкүн болот.